Кыргызстанда адабиятты жана китеп окуу маданиятын илгерилетүүнү максат кылган коомдук фонд
Ыктыярчы болуу
Биз жөнүндө
Akbarak фонду - китеп окуу адатка айланган, китептер коомдун бардык катмарына жеткиликтүү болгон, окурмандарынын адабий табити калыптанган, улам кийинки муундан адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү чыгып турган коом курууга салым кошкусу келген фонд.
Фонд жаш акын-жазуучуларды колдоо, алардын потенциалын ачуу, адабий чөйрөдөгү муун аралык байланышты бекемдөө, коомду адабиятка кызыктыруу үчүн адабий контент жаратуу, адабий котормонун, балдар адабиятынын сапатын жакшыртуу, автордук укукту коргоо багыттарында иш алып барат. Коммерциялык максатты көздөбөйт.
Биздин долбоорлор
Фонддун кайсы бир долбооруна салым кошкуңуз келсе, ыктыярчы болуп катарыбызга кошулуңуз
Адабият темасына арналган кызыктуу макалалар бир жерде
Кененирээк
Адабий иш-чаралар
Адабий кечелер, талкуулар, жолугушуулар, семинарлар, тренингдер
"Дүйнөлүк адабият" китеп клубу
Дүйнө адабиятын англис тилинде окуп, талкуулоо аянтчасы
Подкаст
Адабият темасына арналган подкаст
Онлайн антология
Кыргыз акындары жөнүндө маалыматты жана алардын ырларын бир сайттан табасыз
Видео контент
Адабият темасына арналган видео подкасттар, маектер, китеп талдоолор
"kitepkana" тиркемеси
Кыргыз акын-жазуучуларынын китептеринин электрондук базасы
Негиздөөчүлөр
"Биз эмгектенген тармак адабияттан алыс. Биз болгону адабият сүйүүчүлөрбүз жана анын өнүгүүсүнө кайдыгер эмеспиз. Дүйнөдө миллениал жазуучулар эл аралык деңгээлде тааныла баштаса да, Кыргызстандын адабий аренасында жаңы жүздөрдүн чыкпай жатканы, сапаттуу кыргызча китептердин аздыгы, интернет айдыңында адабий контенттин жоктугу, котормо тармагынын аксап жатышы, коомдун китептерге көп кызыкпай жатканы бизди Akbarak фондун негиздөөгө түрттү.
Адабият - өзүңдү таанууга, өзүңдү-өзүң түшүнүүгө жол ачкан ажайып дүйнө. Демек, адабиятты сүрөө аркылуу биз адамдарга өзүн табууга көмөкчү болобуз".